ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өлгөн адамды эскерип, ага карата жакшы ниетин билдирүү маанисинде колдонулат. - Музооке... Жаткан жери жайлуу болсун! Өңгөлөр унутулар. Музоокенин даңазасы унутулбас (Бейшеналиев). Ичи кенен, адамда жок айкөл эмес беле, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун («Советтик Кыргызстан»).